Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан иштелип чыккан 5 000 жеке азык-түлүк топтомун кабыл алды. Азык-түлүк топтомун өткөрүп берүү өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана чара көрүү системасына ыкчам жана улуттук деңгээлде башкарылуучу азык-түлүк жардамын интеграциялоо жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.
Иш-чарага Швейцариянын Федералдык Жыйынынын (Швейцария парламентинин) Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Сироко Мессерли, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өкүлү жана директору Кожиро Накай катышты.
Стандартташтырылган жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алынган ар бир топтом өзгөчө кырдаал учурунда бир кишинин негизги азык-түлүк муктаждыктарын он күнгө чейин камсыздоого ылайыкталып, колдонууга даяр азык-түлүктөрдү камтыйт. Жеке азык-түлүк топтомдору Министрликтин кампаларында жайгаштырылып, кырсыктардан жабыркаган элге, анын ичинде алыскы, тоолуу жана обочолонгон аймактардагы калкка өз убагында жеткирилмекчи.
Демилгенин алкагында 5 000 жеке азык-түлүк топтому сатып алынып, таңгакталып, ӨКМ кампаларында өзгөчө кырдаалдарга каралган резервдик запастар катары жайгаштырылды. Мындан тышкары, БУУ ДАТП жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен Министрликтин Ош шаарындагы жана Садовое айылындагы эки кампасы оңдолуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Бул азык-түлүктү коопсуз сактоого жана жеке азык-түлүк топтомдорун ыкчам даярдоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул өнөктөштүк резервдик азык-түлүк запастарын түзүү менен гана чектелбестен, улуттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого да салым кошту. Министрликтин кызматкерлери азык-түлүктү сактоо, бөлүштүрүү жана сатып алуу боюнча окутуулардан өтүп, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн улуттук институттар жетектеген туруктуу механизмине өтүүгө негиз түзүлдү. 2027-жылы дагы кошумча 1 700 топтомду даярдоо пландаштырылууда, мында сатып алуу процесси ӨКМ тарабынан өз алдынча жүргүзүлүүсү күтүлүүдө.
Жеке азык-түлүк топтомдорун өткөрүп берүү 2025-жылы ишке ашырылган пилоттук долбоордун уландысы болуп саналат. Анын алкагында жеке азык-түлүк топтомдорунун курамы, таңгакталышы, сатып алуу, жайгаштыруу жана бөлүштүрүү жол-жоболору сыноодон өткөрүлдү. Пилоттук долбоордон алынган тажрыйба учурда кеңири масштабда жайылтылып жаткан стандартташтырылган топтомдун негизин түздү. Бул өзгөчө кырдаалдарда көрсөтүлүүчү азык-түлүк жардамынын практикалык жактан ыңгайлуулугун, азыктык талаптарга жооп берүүсүн жана муктаждык жаралган учурда ыкчам жеткирүүгө даяр болуусун камсыздайт.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайык иштелип чыккан, анткени тоолуу рельеф жана туруктуу климатка байланыштуу коркунучтар айрым жамааттарды обочолонтуп, зарыл болгон ресурстарды жеткирүү кечигиши мүмкүн. Азык-түлүк запастарын алдын ала жайгаштыруу жана аларды башкаруунун так улуттук механизмдерин түзүү аркылуу бул өнөктөштүк ӨКМне өзгөчө кырдаалдар болгон учурда калкка жардамды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
БУУ ДАТП Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жергиликтүү жамааттардын демилгелерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерин жана улуттук системаларды күчөтүүгө көмөктөшүп келет. Бул аракеттер табигый кырсыктарга даярдыкты, алдын ала чара көрүүнү жана климаттык тобокелдиктерди башкарууну жакшыртууга багытталган. Алар аялуу жамааттардын жана азык-түлүк системаларынын табигый кырсыктарга жана аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле климатка байланыштуу кырсыктарга даярдануу,чара көрүү жана алардын кесепеттерине ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган. Швейцария Өкмөтү БУУ ДАТПнын 2023–2027-жылдарга карата Стратегиялык планына 9,5 миллион АКШ долларын бөлүп берди.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана долбоор жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Бизди:
Twitter @WFPinKG
Швейцариянын Кыргызстанга колдоо көрсөтүүсү:
Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 560 миллиондон ашуун швейцариялык франк берди.
Сайт: https://www.eda.admin.ch/bishkek
Facebook: www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan
Instagram: www.instagram.com/swissembassykg