2026-жылдын 9-14-ноябрында Бишкекте Немис тили күндөрү өтөт. Бул немис тилинин жана немис тилдүү өлкөлөрдүн маданияттарынын байлыгына жана ар түрдүүлүгүнө арналган билим берүүчү, маданий жана көңүл ачуучу иш-чаралардын сериясы.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасындагы Германиянын, Австриянын жана Швейцариянын элчиликтери тарабынан кыргызстандык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулууда.
Немис тили Европадагы эң кеңири таралган эне тил болуп саналат. Дүйнө жүзү боюнча бул тилде болжол менен 130 миллион адам сүйлөйт. Ал Германиянын, Австриянын, Швейцариянын, Лихтенштейндин, Люксембургдун жана Бельгиянын айрым бөлүктөрүнүн расмий тили болуп эсептелет. Немис тили эл аралык бизнес, илим жана билим берүү тармактарында маанилүү ролду ойнойт жана дүйнөдөгү эң көп үйрөнүлгөн чет тилдердин бири болуп саналат. Швейцарияда немис тили өлкөнүн төрт улуттук тилинин ичинен эң кеңири колдонулган тил болуп эсептелет.
Немис тили күндөрү 9-ноябрда саат 19:00дө Германиядан келген ырчы жана автор Матце Росси (Matze Rossi) менен кыргызстандык музыкант Мээрим Сабатованын катышуусундагы концерт менен ачылат. Концерт München Pub жайында (Токтогул көчөсү, 87а, «МОТО» бизнес борбору, 5-кабат) өтөт. Кирүү акысыз.
Фестивалдын алкагында Австрия, Швейцария жана Германиянын көркөм тасмалары көрсөтүлөт:
- 10-ноябрь – австриялык «Францтын окуялары» (Geschichten vom Franz) тасмасы немис тилинде кыргызча субтитрлер менен;
- 11-ноябрь – швейцариялык «Салам, Бетти» (Hallo, Betty) тасмасы швейцариялык немис тилинде кыргыз жана орус тилдериндеги субтитрлер менен;
- 12-ноябрь – германиялык «Көк чек аранын ары жагында» (Jenseits der blauen Grenze) тасмасы немис тилинде орусча субтитрлер менен.
Бардык кино көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Тасмалардын көрсөтүлүшү саат 18:00дө башталат. Кирүү акысыз.
Немис тилинин күндөрүнүн программасына ошондой эле студенттер менен жолугушуулар, немис тилин үйрөнүп жаткандар үчүн интерактивдүү иш-чаралар жана жаштар үчүн көңүл ачуучу программалар кирет.
Фестиваль 14-ноябрда Швейцариядан атайын чакырылган ди-джейдин катышуусундагы музыкалык кече менен жыйынтыкталат. Иш-чара Kinobar’да (Саякбай Каралаев көчөсү, 38) өтөт. Башталышы саат 21:00дө.
Бардык каалоочуларды Немис тили күндөрүнө катышууга, немис тилдүү өлкөлөрдүн маданияттарын таанып-билүүгө жана музыка, кино жана баарлашуу атмосферасында жагымдуу убакыт өткөрүүгө чакырабыз.
Бишкектеги Немис тили күндөрүнө кош келиңиздер!
Фестивалдын кеңири программасы менен QR-код аркылуу, ошондой эле уюштуруучулардын баракчаларынан тааныша аласыздар:
- Германиянын Элчилиги: Instagram @germanyinkg
- Австриянын Элчилиги: Instagram @austriainkaz
- Швейцариянын Элчилиги: Instagram @swissembassykg