2026-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарынын «Адилет» жана «Ак-Жар» жаңы конуштарында мини-футбол талаасын, воркаут-зонаны жана балдар аянтчасын камтыган жаңы спорттук зона расмий ачылды. Ачылышка Бишкек мэриясынын, Свердлов району администрациясынын, №305 аймактык башкармалыгынын, Швейцария Элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү лидерлер жана тургундар катышты.
Долбоордун аркасында «Адилет» жана «Ак-Жар» конуштарынын болжол менен 15 000 тургуну спорт, эс алуу жана баарлашуу үчүн заманбап мейкиндикке ээ болуп, ал балдар менен чоңдор үчүн популярдуу жолугушуу ордуна айланды жана ден соолукту чыңдоочу жашоо образын, коңшулук байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.
Мындан тышкары, «Адилет» конушунун 1-көчөсүндөгү 22 үй чарба эми ичүүчү суу менен камсыздалды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар 17 жыл бою ичүүчү сууга жетишсиз болушкан — бул коомчулуктун эң курч көйгөйлөрүнүн биринин узакка күтүлгөн чечими болду.
Эки долбоордун жалпы наркы 9,06 млн сомду түздү, анын ичинен 6,06 млн сомду Швейцария, 3,0 млн сомду Бишкек шаардык мэриясы каржылады.
Жакшыртуулар «Аракет» долбоорунун майда гранттар программасынын алкагында ишке ашырылды, ал программаны «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси жүзөгө ашырат. Программа тургундар менен өз алдынча башкаруу органдорунун биргелешкен күч-аракети аркылуу жергиликтүү өнүгүүгө көмөктөшөт.
Ачылыш күнү «Арыш» коомдук бирикмеси уюштурган спорттук жана маданий иш-чаралар өттү, коноктор жаңы мейкиндик менен таанышуу менен гана чектелбей, биргелешкен иш-чараларга да катышышты.
«Аракет» долбоорун Швейцария 2022-жылы Бишкек менен Ош четиндеги каттоонун жоктугунан жана маалыматтын жетишсиздигинен улам мамлекеттик кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген ички мигранттардын санынын өсүшүнө байланыштуу баштаган. Бүгүнкү күндө долбоор 11 жаңы конушту (Бишкекте 7, Ошто 4) жана 120 000ден ашык адамды камтыйт.
Долбоор тургундардын укуктары жөнүндөгү маалымдуулугун жогорулатууга, мамлекеттик кызматтарга жетүүнү кеңейтүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүп, жаңы конуштардагы жашоону коопсуз жана ыңгайлуу кылат; аялдар менен балдарга, алардын билим берүү, коомдук катышуу жана экономикалык туруктуулук чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
«Аракет» долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасында GFA Consulting Group компаниясы тарабынан ишке ашырылат.
Кошумча маалымат үчүн «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин коммуникация боюнча адиси Юлия Саломатинага pr.rce.kg@gmail.com электрондук почтасы же 0555 132937 телефону аркылуу кайрылууңузду суранабыз.
Долбоордун социалдык тармактары:
📌 Facebook: https://www.facebook.com/Araket.Project/
📌 Instagram: https://www.instagram.com/araket_project/
Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 560 миллиондон ашык швейцариялык франк бөлүп берген
Webpage: https://www.eda.admin.ch/bishkek
Facebook: www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan
Instagram: www.instagram.com/swissembassykg