«Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» швейцариялык долбоору 2026-жылдын 16-октябрында Бишкек шаарында өтүүчү «Чоңдорго билим берүү жумалыгы 2026» иш-чарасынын алкагында CHeber Excellence Awards 2026 сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрөт. Сыйлык Кыргызстандагы формалдуу эмес кесиптик билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбаларды жана инновациялык ыкмаларды аныктоого, таанууга жана жайылтууга багытталган.
Сыйлык тапшыруу аземи кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү натыйжалуу ыкмаларды аныктоого, таанууга жана жайылтууга багытталган улуттук сынактын жыйынтыктоочу этабы болуп саналат. Сынак ошондой эле окутуу уюмдарынын бири-биринен үйрөнүүсүнө, кызматтарынын сапатын жана эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин жогорулатууга, ошондой эле окутуу тармагында инновациялык ыкмаларды андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Катышуучулардын арыздары көз карандысыз Тандоо комиссиясы тарабынан жалпы жана ар бир номинацияга тиешелүү критерийлердин негизинде бааланды. Алардын арасында тажрыйбанын актуалдуулугу, далилденген натыйжалар, сапат жана натыйжалуулук, туруктуулук, инклюзивдүүлүк, инновациялуулук жана эмгек рыногунун талаптарына шайкештик бар.
Сыйлыктар алты номинация боюнча тапшырылат:
- «Чеберчилик» – окутуунун жогорку сапаты жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү мыкты жетишкендиктер үчүн;
- «NextGen» – кесиптик окутуудагы инновациялык ыкмалар жана жаңы чечимдер үчүн;
- «Чогуу» – көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейткен инклюзивдүү тажрыйбалар үчүн;
- «Альянс» – иш берүүчүлөр, иш менен камсыз кылуу кызматтары жана башка өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуу үчүн;
- «Навигатор» – кесиптик багыт берүү жана окуучулардын кесиптик өнүгүүсүн колдоо боюнча натыйжалуу ыкмалар үчүн;
- «Эко Вектор» – жашыл көндүмдөрдү жана экологиялык жоопкерчиликтүү ыкмаларды окутууга интеграциялоо үчүн.
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү окутуу провайдерлери катары өз потенциалын мындан ары чыңдоого багытталган сыйлык колдоосуна ээ болушат. Биринчи орунду ээлеген жеңүүчүлөргө жалпы наркы 100 000 сомго чейин, ал эми экинчи орунду ээлегендерге 50 000 сомго чейин болгон жабдуулар, материалдар же башка макулдашылган керектүү буюмдар берилет. Сыйлыктын конкреттүү курамы жеңүүчү уюмдардын муктаждыктарына жараша аныкталып, алардын окутуу кызматтарын мындан ары өнүктүрүүгө жана сапатын жогорулатууга түздөн-түз салым кошууга тийиш.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоодон тышкары, иш-чара тандоо процессинин жүрүшүндө аныкталган негизги жыйынтыктарды талкуулоого мүмкүнчүлүк берет: жергиликтүү окутуу провайдерлеринин күчтүү жактары, мындан ары өнүктүрүүнү талап кылган багыттар жана көндүмдөрдү өнүктүрүү системасынын катышуучуларынын ортосундагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү.
Сыйлык «CHeber: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн демилгеси болуп саналат жана HELVETAS Swiss Intercooperation тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор Кыргызстанда инклюзивдүү, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жана туруктуу формалдуу эмес кесиптик окутууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
ЖМК үчүн байланыш: Алтынай Молдоева «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун жетекчисинин орун басары, E-mail: Altynai.Moldoeva@helvetas.org, тел.: +996 778 404 930