Өз тарыхында биринчи жолу Европанын эң эски жана белгилүү музыкалык жамааттарынын бири болгон атактуу швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө аспаптар оркестри Борбордук Азияга келип, Бишкекте концерт берет. КСБ Коммерциялык банкы жана Швейцариянын Элчилиги тарабынан уюштурулган сапар 2026-жылдын 18-23-октябрында өтүп, көрүүчүлөргө концерттердин жана маданий иш-чаралардын бай программасын сунуштайт. Оркестр франкофондук Швейцариянын маанилүү маданий символдорунун бири болуп эсептелет.
«La Landwehr de Fribourg» Фрибур кантонунун жана шаарынын расмий музыкалык жамааты болуп саналат. Анын тарыхы 1804-жылы аскердик оркестр катары түптөлгөн учурдан башталат. Эки кылымдан ашык убакыт өткөндөн кийин бул салттарды швейцариялык дирижер, композитор жана Фрибур Жогорку музыка мектебинин окутуучусу Бенуа Айоздун жетекчилиги астында жүзгө жакын музыкант улантып келет. Оркестр өзүнүн музыкалык мектеби аркылуу музыкалык мурасын сактап жана өнүктүрүп, жаш муундардын тажрыйба топтоосуна жана көп жылдык салттарды улантуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө.
220 жылдан ашуун тарыхында «La Landwehr de Fribourg» Швейцарияны мамлекеттик салтанаттарда, расмий кабыл алууларда жана эл аралык маданий иш-чараларда өкүлчүлүк кылып келген. Оркестр Токиодон Дакарга, Торонтодон Тегеранга, Вашингтондон Мумбайга чейин дүйнөнүн дээрлик бардык континенттеринде өнөр көрсөткөн. Жамаат концерт койгон абройлуу сахналардын катарына Нью-Йорктогу Карнеги-холл, Сидней опера театры жана Буэнос-Айрестеги Театро Колон кирет.
Оркестрди Пьер-Андре Паж мырза коштоп келет. Ал бир эле учурда «La Landwehr de Fribourg» оркестринин президенти жана Швейцария Федералдык Жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп саналат. Сапардын алкагында анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуулары пландалууда. Бул жолугушуулар Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Бишкекке болгон бул сапар оркестрдин Кыргызстандагы жана жалпы Борбордук Азиядагы алгачкы гастролу болот.
18-23-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору атактуу швейцариялык жамааттын өнөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ар түрдүү концерттик программа Швейцариянын бай музыкалык салттарын жакындан таанытууга жана өлкөлөр ортосундагы маданий алмашуунун маанисин дагы бир жолу баса белгилөөгө багытталган.
САПАРДЫН ПРОГРАММАСЫ
18-октябрь — Эркиндик бульварындагы майрамдык жүрүш, саат 13:00
Жүрүш Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен башталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин алдында аяктайт. Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оркестри жана «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө оркестри өз өнөрлөрүн тартуулашат. Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алышат.
21-октябрь — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында мастер-класс, саат 12:00
Швейцариялык музыканттар үйлөмө жана урма аспаптар бөлүмүнүн студенттери менен тажрыйбасы жана кесиптик чеберчилиги менен бөлүшөт. Ошол эле күнү швейцариялык оркестр менен Консерваториянын ортосунда көп жылдык маданий байланыштарды бекемдеген кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлат.
22-октябрь — А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы салтанаттуу концерт, саат 19:00
Кеч швейцариялык атактуу «La Landwehr de Fribourg» духовой оркестринин концерттик программасы менен башталат. Программада оркестрдин репертуарындагы чыгармалар жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары жаңырмакчы. Кеченин кульминациясы катары кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары Батыш Европанын духовой оркестри менен айкалышып, уникалдуу музыкалык коллаборация тартууланат. Бул Кыргызстанда өзгөчө форматтагы музыкалык тажрыйбаны тартуулаган алгачкы иш-чаралардын бири.
22-октябрдагы концертке билеттер Ticket.kg сайтында жеткиликтүү.
Кошумча маалымат алуу үчүн: (0773) 777-277 (вотсап), 2424 – КСБ Коммерциялык Банк байланыш номери
Толук маалымат:https://www.instagram.com/p/DcflQsijpEM/